Жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-Герман Ишкерлер Кеңешин да Акылбек Жапаров жетектейт

Жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-Герман Ишкерлер Кеңешин да Акылбек Жапаров жетектейт

КР ТИМдин берген маалыматтарына ылайык, жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-Герман Ишкерлер Кеңешин да Акылбек Жапаров жетектейт.

КРнын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев кечээ, 30-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, жолугушууда кыргыз-герман кызматташтыгын жигердетүү, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык жааттардагы маселелерди талкуулашканын КРнын Германиядагы элчилиги кабарлады.

«Айрыкча, жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-Герман Ишкерлер Кеңешинин биринчи отурумун жана 2022-жылдын июнь айында Бишкекте боло турган кыргыз-герман бизнес-форумун өткөрүү сүйлөшүлдү.

Кыргыз-Германия ишкерлер кеңешинин түзүлүшү оң жагына белгиленип, анын кыргыз бөлүгүн КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеди», – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн эле Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти жетектегени тууралуу маалымдалган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери