КР Германияга барууну көздөгөн Кыргызстандын жарандарына виза режимин жеңилдетүүнү талкуулады

КР Германияга барууну көздөгөн Кыргызстандын жарандарына виза режимин жеңилдетүүнү талкуулады

29-мартта Берлин шаарында КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын Федералдык Канцлеринин Аппаратынын Эл аралык департаментинин директорунун орун басары, Тышкы саясат жана коопсуздук тобунун жетекчиси Кристиан Аульбах менен жолугушканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда эки тарап Германияга барууну көздөгөн Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Ошондой эле Кыргыз-Германия ишкерлер кеңешинин түзүлүшү оң жагына белгиленип, анын кыргыз бөлүгүн КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеди.

Келечектүү багыт катары энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү мүмкүнчүлүгү белгиленди.

Афганистандагы, Украинадагы кырдаалдын, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын Борбордук Азияга тийгизген таасиринин контекстинде Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Федералдык министрлиги аркылуу мурда көп тараптуу форматка өткөрүлгөн Кыргызстандагы финансылык-техникалык долбоорлорду ишке ашырууну калыбына келтирүү маселелери каралды.

Белгилей кетсек, Казакбаев Германияда иш сапары менен жүрөт. Ал катышып жаткан жыл сайын өтүүчү конференциянын ишине 50дөн ашык өлкөдөн 500дөн ашуун өкүл, анын ичинде тышкы саясий, энергетика жана жаратылышты коргоо ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле профилдик адистер жана окумуштуулар катышууда.

Министр Казакбаевдин «Өнөр жай жана жашоо цикли» сессиясында панелист катары сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров 26 января 2023 г.    13:24
ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды 26 января 2023 г.    12:00
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт 26 января 2023 г.    11:25
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери