Корея Кыргызстандын жарандарын ишке алуу квоталарын миңден 1800гө көбөйттү

Корея Кыргызстандын жарандарын ишке алуу квоталарын миңден 1800гө көбөйттү

Жумушчу күчүн жөнөтүү боюнча кол коюлган Меморандумдун алкагында Корея КРнын жарандарын ишке орноштуруу үчүн квоталык орундардын санын көбөйттү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Кубатбеков Меморандумга 2007-жылы коюлганын жана он беш жыл ичинде КРнын 5 миңдей жараны Кореяда иштеп келгенин жана бүгүнкү күндө да жарандарды ишке орноштуруу уланып жатканын билдирди.

«Белгилей кетсек, учурда корей тарап КРнын жарандарын ишке орноштуруу үчүн квоталуу орундардын санын көбөйтүү чечимин кабыл алды. Мурда квотадагы орундардын саны 1 миңге жетпесе, бөлүнгөн жумуш орундарынын саны 1 миң 800гө жетти», – дейт Акматбеков.

Белгилей кетсек, түзүлгөн меморандумдун алкагында Кореяда иштеген КРнын жарандарына «Эмгек стандарттары жөнүндө», «Эмгекти коргоо жана минималдуу эмгек акы жөнүндө» мыйзамдардын, иш ордунан тышкары кырсык же жаракат алган учурда, кепилденген камсыздандыруу жоболору колдонулат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери