2022-жылга бекитилген бюджеттин алкагында Финансы министрлиги бюджетке 47.5 млрд сом өлчөмүндө карыздык каражаттарды тартууну көздөөдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, бул сумма үч багыттан алынат:
- Мамлекеттик инвестициялык долбоорлор. 2022-жылы мамлекеттик инвестицияларды бюджеттен тышкы булактардын эсебинен каржылоонун көлөмү 21.9 млрд сомду түзөт
- Программалык (бюджеттик) жардамдардын алкагында, Дүйнөлүк банктан жана башка донорлордон 9.9 млрд сом кредиттик каражаттарды алуу күтүлүүдө
- Мамлекеттик баалуу кагаздар. 2022-жылы бюджетте мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруудан 15.6 млрд сом өлчөмүндө каражат алуу пландаштырылууда.