Эрнест Дыйканбаев КР ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Эрнест Дыйканбаев 1978-жылдын 27-январында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылында туулган. 1995-жылдан 2000-жылына чейин академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин инженер-куруучу адистигин бүтүрүп, 2009-жылдан 2011-жылына чеийн РФнын Жарандык коргонуу Академиясынын угуучусу болгон.
2022-жылдын 23-мартынан тартып КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалды.