Доллардын курсун текшилөө максатында Улуттук банк 5.4 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзгөнүн регулятордун маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ, 30-мартта Улуттук банк 5.4 млн АКШ доллары суммасында чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча интервенция жасады.
Эскерте кетсек, акыркы жумада доллардын сомго карата курсу кескин төмөндөөдө. Ал эми бул көрүнүшкө түндүрмө берген Улуттук банк учурдагы өзгөрүлмө алмашуу курсу боюнча чет өлкө валютасынын курсунун динамикасы ички валюта рыногундагы суроо-талаптын жана сунуштун балансынын негизинде аныкталаарын айтат.
«АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсунун төмөндөөсү боюнча айтсак, алмашуу курсу калктын жана ар кандай бизнес-коомчулуктун чет өлкө валютасына карата суроо-талабы менен сунушунун учурдагы балансынан түзүлөт. Суроо-талап жана сунуштун балансына тышкы сыяктуу эле, ички факторлор да таасирин тийгизет.
Демек, АКШ долларынын курсунун төмөндөөсүнө чет өлкө валютасынын сунушунун ага болгон суроо-талаптан артышы, ошондой эле Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук валюталарынын АКШ долларына карата бекемделиши таасирин тийгизет», – дейт регулятор.