Дүйнөлүк банк Баткендин 35 айылына жана Ысык-Көл облусунун 3 айылына ичүүчү суу түтүктөрүн курууга жана оңдоого 100 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, бул каражат Карадарыя-Сырдарыя-Амудария бассейнинин үч ирригациялык жана дренаждык тутумун реабилитациялоого (Ош, Баткен облустары жана Жалал-Абад облусунун бир бөлүгү) жумшалат.
КРнын тиешелүү органдарынын өкүлдөрү жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү долбоордун документтерин карап чыгышты жана Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Климатка туруктуу суу ресурстарын башкаруу кызматтарын жакшыртуу» долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн макулдашылган протоколуна кол коюшту.
Тараптар 20-июнга чейин каржылык келишимдерге кол коюуну макулдашышты.
Долбоордун жалпы баасы 100 млн долларды түзүп, анын 50 млн доллары грант, 50 млн доллары насыя түрүндө берилет.