«Бакай Банк» ААК башкармалыгынын жетекчиси Оксана Соломконун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.
КФБнын берген маалыматына ылайык, 29-мартта өткөн директорлор кеңишинин жыйынында мындай чечим кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Соломко 2020-жылдын күзүндө «Бакай Банк» ААКтын башкаруу командасына Башкармалыктын төрагасынын кеңешчиси болуп кирип, андан кийин Башкармалыктын Төрагасы болуп дайындалган эле.