Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 28-мартта Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кадр курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө протоколду ратификациялоону жактырды.
КРнын Министрлер кабинетинин берген маалыматына ылайык, ЕЭКтин кадр курамы 4 жыл иштеши керек. Бирок эгерде ЕЭКтин мүчөсү кызматынан мезгилсиз бошотулса, анын ордуна келген министр калган 4 жылга шайланган мүчөлөр менен кошо бир убакта кетет.
Жаңы эрежелерге ылайык, ЕЭКтин мүчөлөрү 5 жыл жана 2 мөөнөттөн ашык эмес иштөөсү сунушталууда.
Талкуудан кийин Жогорку Кеңештин комитетинин мүчөлөрү ЕАЭБ жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө сунушталган мыйзам долбоорун ЕЭКтин кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүн экинчи окууда жактырышты.