Ошто контрабанда жолу менен келген 20 тонна сабиз табылды

Ошто контрабанда жолу менен келген 20 тонна сабиз табылды

«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери 20 тонна сабиздин контрабандасын кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүү фактыларына бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, «Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда КР жараны И.М.С. башкаруусунда Krone үлгүсүндөгү жарым чиркегич менен Volvo АР-12 үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулган.

Жүк транспортун кароодо жалпы салмагы 20 миң 200 кг сабиз коштоочу документтери жок табылган. «Эксперт Оценка» ЖЧКсы Көз карандысыз экспертиза жана баалоо борборунун корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар наркы 505 миң сомду түзөт.

Факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар Ош облусунун прокуратурасына берилген.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жетти, ал эми MBANK тиркемеси 3 миллион жолу жүктөлдү! 31 января 2023 г.    19:44
Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт 31 января 2023 г.    18:00
Тарыхый көрсөткүч: өткөн жылы КФБда 18.6 млрд сомдук бүтүм түзүлдү 31 января 2023 г.    17:30
БУУ Япония менен бирге Баткенде 25 миң адамга азык-түлүк берди 31 января 2023 г.    16:48
Ошто коррупцияны жоюу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна 108 байкоо камералары орнотулат 31 января 2023 г.    16:30
Министрлер кабинетинин «Кумтөрдөгү» алтынды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар 31 января 2023 г.    16:00
Швейцария өкмөтү КРнын энергетика тармагына 8 млн доллар грант берет — кол коюлду 31 января 2023 г.    15:18
Улуттук банк накталай доллардын жетишсиздигинин себебин айтып, бирок азыр эч кандай көйгөй жоктугун билдирди 31 января 2023 г.    14:40
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери