Матрезервге кошумча 12 миң тонна кумшекер, 5 миң тонна өсүмдүк майы алынат

Матрезервге кошумча 12 миң тонна кумшекер, 5 миң тонна өсүмдүк майы алынат

Мамлекеттик материалдык резервге кошумча 12 миң тонна кумшекер, 5 миң тонна өсүмдүк майы алынат. Мындай маалыматты бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын жаңы дайындалган орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, доллардын курсунун түшүп жатканынын негизинде бир топ тапшырмалар берилген. Кумшекердин жеңилдетилген баасы килограммына 68 сом болуп жаткан болсо, азыр 60 сомго түшкөн, дүң баада 78 сом болсо 75 сомго төмөндөтүлгөн.

Ошондой эле Төрөбаев өсүмдүк майы тууралуу маалымат берип жатып, кээ бир импортерлор доллар менен, кээ бирлери рубль менен иштей тургандыгын жана түштүктө май чыгаруучу завод ишке кирсе 5 литр май 700 сомдон ашпай тургандыгын билдирди.

«Матрезервге кошумча акча бөлүндү, 12 миң тоннага жакын кумшекер алабыз, 5 миң тонна өсүмдүк майын алабыз», – деди ал.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт 26 января 2023 г.    11:25
Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот 26 января 2023 г.    11:05
Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен — үчтөн бири аялдар 26 января 2023 г.    10:47
Дүйнөлүк банк КР менен иштешүүгө даяр — жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет 26 января 2023 г.    10:37
Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты 26 января 2023 г.    10:14
Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ 26 января 2023 г.    9:27
Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө 26 января 2023 г.    9:10
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери