«Керемет Банк», «РСК Банк» жана «Айыл Банк» коюлган POS терминалы бар заманбап контролдук-кассалык машинаны (ККМ) акысыз берет. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады.
Жыл башынан бери 17 миң 68 ишкердик субъект ККМ колдонууга өткөн.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 44 миң 803 ККМ колдонулууда, анын ичинен 22 миң 239 – аппараттык жана 22 миң 564 – программалык ККМ.
Салык кызматы ККМди колдонууга милдеттүү субъекттерди жергиликтүү салык органдарына кайрылууга чакырат.
Азыркы учурда эки типтеги ККМ колдонулат – аппараттык жана программалык.
- Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат.
- Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот, смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.
Программалык ККМди Play Маркет («Онлайн ККМ» тиркемеси) аркылуу смартфонго бекер жүктөп алууга болот. Аппараттык KKMди техникалык тейлөө борборлорунан алса болот, алардын саны бүгүнкү күндө 14. Каттоодон өтүү жана ККМди менен иштөө үчүн иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз менен кайрылуу зарыл.