Энергетикалык компанияларды бириктирүү жол-жоболору аяктады

Энергетикалык компанияларды бириктирүү жол-жоболору аяктады

КРнын энергетика тармагындагы түзүмдөштүрүү реформаларын жүргүзүүнүн алкагында 23-26-мартта «Түндүк электр» ААКда, «Кыргызстандын УЭТ» ААКда, «Чыгыш электр» ААКда, «Ошэлектр» ААКда, «Жалалабадэлектро» ААКда, «Электр станциялары» ААКда жана «Бишкекжылуулуктармагы» ААКда акционерлердин кезексиз жыйыны өткөнүн «Улуттук энергохолдинг» компаниясы билдирди.

Жыйындын жыйынтыгы менен аталган энергетикалык компанияларды кайра түзүмдөштүрүү чечими кабыл алынып, бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар «Кыргызстандын УЭТ» ААКга кошулат.

Ал эми «Бишкекжылуулуктармагы» ААК «Электр станциялары» ААКга кошулат.

«Реформалар жасалган соң энергетикалык компаниялардын чыгымдары, административдик чыгымдар кыскартылып, сатып алууларды бириктирүүдөн экономикалык натыйжа алынып, бизнес-процесстерди автоматташтырылып, электр энергиянын сатуу жолдору жана айкындуулугу жакшыртылып, электр чарбасын реконструкциялоо менен электр тармактарындагы жоготууларды азайтылып оптималдаштырылышы мүмкүн», – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, оптималдаштырылган каражат жаңы иштеп чыгуучу кыбаттуулуктарды киргизүү, энергия жабдууларын реконструкциялоо жана жаңылоо, КРнын энергетикалык коопсуздугун бекемдөө долбоорлорун жүзөгө ашырууга жумшалмакчы.

Кошумча окуңуз: КРнын бардык ортомчу компаниялары «Кыргызстандын улуттук электр тармагына» биригет

«Бишкекжылуулуктармагы» кайра түзүлүп, «Электр станцияларына» кошулат

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу үчүн күтүү убактысы кыскарганын билдирди 3 февраля 2023 г.    16:35
Япониянын Muroo Systems Corporation компаниясы Каракөл ГЭСин өз каражатына курууга кызыкдар 3 февраля 2023 г.    16:00
Бишкекте криптовалютанын көмүскө жүгүртүүсүнүн көлөмү күн сайын 10 млн долларды түзөт — Акылбек Жапаров 3 февраля 2023 г.    15:46
Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттун формасы жөнөкөйлөтүлдү 3 февраля 2023 г.    14:19
Бишкекте суу менен канализацияга тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн 3 февраля 2023 г.    14:12
«Манас» аэропортун модернизациялоону эмнеге күмөндүү араб инвесторуна берүүнү көздөшүүдө? 3 февраля 2023 г.    12:28
Транспорт министрлигинин жеке ишкерлерге карызы 702 млн сомго жетти 3 февраля 2023 г.    11:25
МИК 85 млн сомдук сегиз батирди аукционго коет 3 февраля 2023 г.    10:58
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери