Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков доллардын наркы төмөндөгөнүнө байланыштуу Министрлер кабинетине Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине азык-түлүктүн баасын төмөндөтүү боюнча тапшырмаларды берүүнү сунуштады.
Кадырбеков доллар көтөрүлдү деп товарлардын баасы чукул кымбаттаганын айтты.
«Биринчи кезекте азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү. 105 сомго чыккан доллар, кайра мурдагы 85 сом деңгээлиндеги калыбына түштү, бирок азык-түлүктүн баасы арзандабай кала берди. Монополияга каршы агенттикке базарды көзөмөлдөөгө тапшырма бергиле. Эмне үчүн бааны көтөргөндө бат көтөрүшөт, бирок доллар түшкөндө арзандатышты унутуп калышат», – деди депутат.
Кошумчалай кетсек, жыйында азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат берген Министрлер кабинетинин төрагасынын жаңы дайындалган орун басары Бакыт Төрөбаев Мамлекеттик материалдык резервге кошумча 12 миң тонна кумшекер, 5 миң тонна өсүмдүк майы алынаарын билдирди.
Бүгүн, 30-мартка карата Кыргызстандын айрым банктарында доллардын сатып алуу курсу 83.5 сомго чейин төмөндөсө, көпчүлүк банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 84-84.7 сомду түзүүдө. Эскерте кетсек, Россия-Украина согушуна байланыштуу доллар 105-106 сомго чейин көтөрүлгөн болчу.