«Альянс Алтын» бюджетке 5 млрд сом салык төлөдү

«Альянс Алтын» бюджетке 5 млрд сом салык төлөдү

Март айына карата Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы республикалык жана жергиликтүү бюджетке 5.1 млрд сом салык төлөгөн жана анын 2.6 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан келген. Бул тууралуу компаниянын каржылык отчетунда айтылат.

Талас облусунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана күтүү үчүн «Альянс Алтын» ишканасы тарабынан 272 млн 288 миң сом төлөнүп, анын ичинен:

  • Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — 136 144 132 сом
  • Талас районунун өнүктүрүү фондуна (30%) — 81 686 479 сом
  • Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) – 54 457 653 сом бөлүнгөн.

Март айына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсында жалпысынан 674 кызматкер иштейт:

  • Бишкектен – 90 жумушчу (кызматкерлердин жалпы санынын 13%)
  • башка аймактардан – 186 кызматкер (28%)
  • Талас облусунан – 398 жумушчу (59%), анын ичинен Бекмолдо айылдык кеңешинен – 159 кызматкер (Талас облусундагы кызматкерлердин жалпы санынын 24%).

Белгилей кетсек, 2022-жылдын январь айында компания атайын рекультивациялык эсепке 795 миң сом чегерген.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери