Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президентинин Администрациясынын аппараттык кеңешмесинде республиканын борборундагы жана аймактарындагы мал базарлардын абалын сынга алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Анда Жапаров өзүнө жиберилген Каракол шаарындагы мал базар тууралуу видеодо элдер ылайды кечип жүргөнүн сөз кылып, жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралбагандыгын айтты.
«Бул 2022-жылы КМШнын маданий борбору катары тандалган шаарда болуп жатат. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул бир эле Караколго эмес, республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып баарын текшерем», – деди Акылбек Жапаров.
Ошондой эле ал ар бир мамлекеттик орган жарандар тарабынан социалдык тармактарда жарыяланып жаткан бардык кайрылууларга реакция кылуусу зарылдыгын билдирди.