Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сатып алуу курсу 85 сомго түштү. Бир сутка ичинде америкалык валюта 4 сомго арзандады – кечээ эле анын сатуу курсу 89 сом болчу.
Саат 10:00гө карата Economist.kg басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сатып алуу курсу 85-86 сомго чейин төмөндөп, сатуу 87 сомду түзүүдө.
Коммерциялык банктарда долларды сатып алуу курсу андан да төмөн болуп, 1 доллар 84-85.5 сомго чейин болууда. Банктарда 1 доллардын сатуу курсу 86-87.5 сомду түздү.
Улуттук банктын 17-мартка карата расмий курсу 94.29 сомду (-0.37%) түздү.