Кыргызстан менен Түркия бажы коридорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча протоколго кол коюшту

Кыргызстан менен Түркия бажы коридорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча протоколго кол коюшту

Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Түркия өкмөтү бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча протоколго кол коюшту. Бул документке 23-мартта Анкарада өткөн эки өлкөнүн биргелешкен бажы кеңешинин биринчи отурумунун жыйынтыгында кол коюлганын КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Биргелешкен бажы комитетинин биринчи отурумунда КРнын делегациясын Бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков, түрк тараптан соода министринин орун басары Рыза Туна Турагай жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы ишмердүүлүгүнүн келечектүү багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, бажы кызматтарын учурдагы өнүктүрүү, өз ара соода боюнча маалымат алмашуу, кызматкерлерди окутуу жаатында кызматташуу, ошондой эле Түркиянын бажы кызматынын оперативдүү башкаруу борборунун иштеши боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында КРнын Министрлер кабинети менен Түркия Өкмөтүнүн ортосунда эки өлкөнүн чек арасы аркылуу өткөн товарлар жана транспорт каражаттары боюнча алдын ала маалымат алмашуу жөнүндө протоколго кол коюлду.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери