«Кыргызнефтегаз» жылына болгону 15 миң тонна бензин өндүрөт. Бул тууралуу «Кыргызнефтегаз» ААК башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында Исхак Масалиев «Кыргызнефтегаз» жылына өндүргөн 173 миң тонна мунайдан канча бензин алынаары жана ал өлкөдөгү күйүүчү май рыногуна канчалык таасир эте алаары тууралуу сурады.
«Андан 15 миң 821 тонна бензин алынат. Бул болгону Кыргызстандын керектөөсүнүн 5-6%ын гана (дизель майы менен кошулуп) камсыздайт. Күйүүчү май рыногуна таасир эте албайбыз», – деди Нишанов.
Белгилей кетсек, Нефтетрейдерлер ассоциациясы берген маалыматка ылайык, Кыргызстандын күйүүчү майды жылдык ички керектөөсү 1.4 млн тоннаны түзөт.