«Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасы (МИ) 2021-жылы 2 млрд сом таза киреше алды. Бул тууралуу «Кыргызнефтегаз» ААК башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында депутат Исхак Масалиев «Кыргызнефтегаз» МИнин алган таза кирешеси 2 млрд сом болсо, анын канчасы мамлекетке төлөнөөрү тууралуу сурады.
«Былтыркы жылдын эсебинен мамлекетке 213 млн сом дивиденд катары бергенбиз. Быйыл 2021-жылдын эсебинен 30% бересиңер деп жатышат, бул жылы 600 млн сомдон ашыгыраак беребиз», – деди Нишанов.
Эл өкүлү бул жөн гана мамлекетке пайдасы тийбеген, жумушчуларын гана баккан ишкана экендигин белгилеп, «Кыргызнефтегаз» жылына өндүргөн 173 миң тонна мунайдан канча бензин алынаары жана ал өлкөдөгү күйүүчү май рыногуна канчалык таасир эте алаары тууралуу сурады.
«Андан 15 миң 821 тонна бензин алынат. Бул болгону Кыргызстандын керектөөсүнүн 5-6%ын гана (дизель майы менен кошулуп) камсыздайт. Күйүүчү май рыногуна таасир эте албайбыз», – деген Нишанов ишканада 2 миңден ашык жумушчу бар экенин айтты.
Белгилей кетсек, Нефтетрейдерлер ассоциациясы берген маалыматка ылайык, Кыргызстандын күйүүчү майды жылдык ички керектөөсү 1.4 млн тоннаны түзөт.