Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кумшекердин баасы турукташып баштаганын билдирди.
Агенттик ири соода түйүндөрүндө канттын баасынын төмөндөгөнү байкалып жатканын кабарлады.
- «Фрунзе» дүкөндөр тармагында 1 кг кумшекер 60 сомго чейин (чектөө менен) сатылууда. 1 кг ашык кумшекер чектөөсүз 1 кг 77 сомдон сатылууда
- «Народный», «Глобус», «Достор» дүкөндөр түйүндөрүндө социалдык канттын баасы эртеңден баштап арзандатылат.
Мындан тышкары, мекеме үстөмдүк кылуучу субъект катары эсептелген кант өндүрүүчүсү «Кайыңды Кант» ААКсына доллардын курсунун төмөндөшүнө жана кумшекерге КНСтин ставкасын нөлгө түшкөндүгүнө байланыштуу кумшекердин дүңүнөн сатуу баасын төмөндөтүү үчүн билдирүү жөнөткөн.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул багыттагы иштер улантылаарын жана республика боюнча базарларда, соода объектилеринде чекене баанын төмөндөө тенденциясы байкалып жатканын билдирди.