Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин жыйынында Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына көрсөтүүгө макулдук берилди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Буга чейинки орун басар Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы кызматын ээледи.
«Ата-Журт – Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев буга чейин, «Ак жол», «Республика» жана «Өнүгүү-Прогресс» партиялары менен шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон жана 2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.