Кыргызстан дагы эле 26.1% акциясы менен эң ири акционер катары болгон канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясы КРнын Министрлер Кабинети менен тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрү тууралуу жаңы билдирүү жасады.
КРнын Министрлер кабинети Centerra Gold менен макулдашуунун долбоорун жактырганы тууралуу маалымат жарыяланганына байланыштуу компания жаңы билдирүү жасаган.
«Центерра Голд» кыргыз өкмөтүнүн жана «Кыргызалтын» ААКтын өкүлдөрү менен келишимди аягына чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, Centerra бул келишимге компаниянын 3-январдагы билдирүүсүндө айтылган негизги шарттар камтылат деп күтөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, бул шарттарга ылайык, Centerra Gold компаниясы «Кумтөр» кениндеги үлүшүн берет, тагыраак айтканда, «Кыргызалтын» ААК «Кумтөр Голд Компанинин» 100% акциясын алат, анын ордуна Кыргызстан өзүнө таандык болгон канадалык компаниядагы 26.1% акциясын «Центерра Голдго» берет.
«Жогоруда айтылган жана транзакцияга байланыштуу талап кылынган башка маселелер боюнча процесстер бүтпөй турат. Демек, кандайдыр бир сунуш кылынган келишимдер аягына чыгаарына, же мындай бүтүмдүн акыркы экономикалык жана башка шарттары боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлө тургандыгына эч кандай кепилдик жок», – деп айтылат Центерра Голддун билдирүүсүндө.
«Центерра Голд» жөнгө салуу келишиминде төмөнкү негизги шарттар камтылат деп күтүүдө:
- «Центерра Голд» «Кыргызалтын» ААКга таандык «Центерра Голддун» 26.1%га жакын жөнөкөй акцияларын алат ( КР мамлекеттик үлүшү 100%). Акцияларды алгандан кийин Centerra Gold аларды жокко чыгарат.
- Кыргызстан «Центерра Голддун» Кыргызстандагы эки туунду компаниясы («Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани») үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алат.
- «Центерра Голд» Кыргызстанга 2021-жылдын дивиденддерин төлөп берет, себеби, «Кыргызалтын» ААК кенди чыгаруунун натыйжасында албай калган.
- Centerra Gold анын Кыргызстандагы эки туунду компаниясынын ортосундагы компаниялар аралык баланстарды жөнгө салууга байланыштуу «белгилүү бир каржылык сый акыларды» төлөп берет.
- «Кыргызалтын» ААКтын эки талапкери «Центерра Голд» директорлор кеңешинин курамынан чыгат.
- Тараптар бардык дооматтарын толугу менен жана биротоло алып салышат жана жоопкерчиликти мойнуна албастан бардык юрисдикциялардагы соттук териштирүүлөрдү токтотушат.