«Казинодо Кыргызстандын бир дагы жараны ойнобойт. Ал жерде кыргызстандыктарды ойноого уруксат берген компаниялар жабылат», – деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров казино жана оюн автоматтарын ачуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу пикирин айтып жатып. Бул тууралуу Kaktus.media билдирди.
Жапаров бул мыйзам долбоору туристтерди тартууга багытталганын белгиледи.
Жапаров 2013-жылы барган Малайзия мамлекетин мисал келтирди. «2013-жылы Айт мезгилинде чакыруу менен ал өлкөдө болдум. Ушул суроону аларга да бердим. Малайзиялыктар мусулмандар казиного барбай тургандыгын жана бул туристтер үчүн гана экендигин айтышты», – деди Акылбек Жапаров.
Төраганын айтымында, 2001-жылы республиканын бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 млн сом түшкөн.
«Азыр эки, үч, төрт эсе көп киреше түшөт деген ойдобуз. Биз конокторду ушинтип эс алдырышыбыз керек. Бул туризм.
Кыргызстанга келип, он күндөп ичип жата бергенден көрө, ойноп эс алышканы жакшы. Биз бул үчүн шарттарды түзөбүз», – дейт Министрлер кабинетинин башчысы.