300 миң сомго чейин дыйкандар насыяны күрөөсүз ала алышат

300 миң сомго чейин дыйкандар насыяны күрөөсүз ала алышат

5 млрд сом айыл чарбаларды колдоого жумшалат. Ал каражаттан 300 миң сомго чейин дыйкандар күрөөсүз насыя ала алышат. Ал эми 500 миң сомго чейин күрөө менен алса болот. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.

Жыйында Азамат Мукашев Кыргызстандагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү, күйүүчү май, айдоо иштери жана дыйкандарга берилчү насыялар боюнча маалымат берди.

Финансы министрлиги мамлекеттик эки банкка – «Айыл Банкка» 5.5 млрд сом жана «РСК Банкка» 4.5 млрд сом бөлүп берген. Айыл чарба министрлигинин билдиргенине ылайык, 1 млрд сом лизингге жумшалып, анын 50% асыл тукум малды сатып алууга, экинчи 50% айыл чарба шаймандарын жана жаадыргыч тамчылатып сугаруу техникаларын сатып алууга жумшалат.

«5 млрд сом айыл чарбаларды колдоого берилген. Ал каражаттан 300 миң сомго чейин дыйкандар күрөөсүз насыя ала алышат. Ал эми 500 миң сомго чейин күрөө менен алса болот», – деди Мукашев.

Ошондой эле ал 1 млн сомдон ашык товар жүгүртүүсү бар дыйкандар 5 млн сомго чейин насыя ала аларын кошумчалады.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери