Талас шаарында ири кийим тигүү цехи курулат. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Курулушу жакында баштала турган ишкана 1500-2000 тигүүчүнү иш менен камсыз кылат.
Бул боюнча Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков Бишкек шаарында, тигүү цехин куруп, иштетүүгө бел байлаган Сool Bro’s компаниясынын өкүлдөрү жана архитекторлору менен жолугушуп, ишкананын кандай типте курулушу боюнча сүйлөшүшкөн.