Кыргызстан жылына 1.6 тонна алтын импорттойт. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Баалуу металлдар департаментинин директору Канатбек Мадумаров билдирди.
Мадумаров депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, жылына өлкөгө 1500-1600 кг алтындан жасалган зер буюмдар, күмүш 2 тоннадай кирээри тууралуу айтты.
«Бул биз билген бажы алымдары төлөнүп, ачык-айкын, лабораториядан өткөн алтындын көлөмү. Калгандарын билбейм», – деди ал.
Жыйында депутаттар зергерчилик тармагындагы көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу зарылчылыгын белгилешип, республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү тууралуу маселени көтөрүштү.
Ошондой эле Баалуу металлдар департаментинин директору республикада зергер буюмдарын чыгарган 37 ишкана болсо, алардын көбү жеке ишкерлер экенин, учурда республикада болжол менен зергерчилик тармагы 170 жумуш оруну менен камсыз кылаары тууралуу билдирди.
Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун сапатсыз, контрабандалык зер буюмдардын рынокко киришин жана мындай буюмдарды республиканын чегинен тышкары ташылуусун жоюуга, расмий түрдө баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн субъекттердин санынын өсүшүнө багытталган норманы колдошту.
Белгилей кетсек, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөгү» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Мыйзам долбоору боюнча Финансы министринин орун басары Руслан Татиков баяндама жасады.