Кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктарды жоюу сунушталды

Кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктарды жоюу сунушталды

Чек аралардагы өткөрмө жайларын ачып, тоскоолдуктарды жоюу менен жүктөрдүн жана жарандардын эркин каттамын камсыздоо зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Алматы шаарында Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушуу учурунда айтты.

Ошондой эле жолугушууда кыргыз-казак дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнө 30 жыл толгон датага карата өткөрүлө турган иштер, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин май айында Кыргызстанга жасай турган сапары талданды.

Муну менен катар эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2021-жылы 1 млрд долларды түзгөнүн белгилеген Талант Мамытов: «Бул биз үчүн чек эмес, 2 млрд долларга чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Андыктан алакабызды арттырып, товар алмашуу жаатындагы кызматташтыкты дагы да кеңейтүүбүз кажет. Бул үчүн чек аралардагы өткөрмө жайларын ачып, тоскоолдукту жоюу менен жүктөрдүн жана жарандардын эркин каттамын камсыздоо зарыл. Чек аралар боордош жана өнөктөш өлкөлөр үчүн ачык болуусу өтө маанилүү», – деди.

Андан тышкары Талант Мамытов аймактар жана шаарлар аралык байланышты кеңейтүү маселесине токтолуп, Ош жана Алматы шаарларынын ортосунда боордош шаар алакасын түзүүнү сунуштады.

Айта кетсек, ушу тапта КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 30 жылдыгына карата Казакстандын Алматы шаарында мааракелик отурум өтүп жатат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
1-апрелге чейин – юридикалык жактар, 1-майга чейин – жеке жактар Салык органдарына отчет бериши керек 30 января 2023 г.    12:07
Кыргызстанда өткөн жылы кайсы банк эң көп киреше тапты? — Рейтинг 30 января 2023 г.    11:25
Кыргыз-өзбек автоунаа заводу 6 жылда 30 миң автоунаа чыгарыш керек 30 января 2023 г.    10:10
Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына ID-паспорт менен кирүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду 30 января 2023 г.    9:51
Кыргызстанда февраль айынан тарта пияз менен сарымсакты экспорттоого тыюу салынат 30 января 2023 г.    9:35
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери