«Борбор Азиянын Капитал Банкы» ААК 2021-жылы 52 млн сом таза киреше алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.
Мындай маалыматтар банктын акционерлеринин жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы чогулушунда айтылган.
Акционерлер бул сумманы албай, банктын карамагында калтырууну чечишкен.
Ошондой эле жыйында «Грант Торнтон» ЖЧКсын 2022-жылга банктын тышкы аудитору кылып шайлоо жана тышкы аудиторго сый акынын өлчөмүн белгилөө чечими кабыл алынган.