Кыргызстандын экономикасына 500 миң доллар салым кошкон чет элдиктерге жарандык берүү сунушталууда. Бул тууралуу «Инвестициялар боюнча КРнын жарандыгы жөнүндө» мыйзам долбоорунда айтылат.
Инвестициялар Кыргызстандын экономикасына түз жана өз алдынча 500 миң доллардан кем эмес материалдык жана финансылык ресурстар болушу мүмкүн экендиги белгиленген.
«Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн жумшай турган инвестициянын көлөмүн ар бир облус боюнча Министрлер кабинети өзүнчө аныктайт», – деп айтылат документте.
Жарандык үчүн инвестициялар төмөнкүдөй түрдө болушу мүмкүн:
- Кыргызстандын банк эсептерине беш жылдан кем эмес мөөнөткө депозит салуу
- кыймылдуу же кыймылсыз мүлккө, анын ичинде акцияларга, коммерциялык уюмдардын мүлкүндөгү үлүшкө ээлик кылуу
- стартаптарга, IT индустриясы жана экономиканын башка секторлору үчүн алдыңкы техникаларды жана технологияларды өнүктүрүүгө инвестициялар
- республиканын айрым региондорун өнүктүрүү үчүн Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан жана ишке ашырылуучу атайын инвестициялык программаларга инвестициялар.
Инвестиция салган мезгил беш жылдан кем эмес болушу шарт жана КРнын жарандыгын алган адам КРда жарандык укуктун объектилерин эч кандай түрдө ажыратууга укугу жок, деп айтылат маалыматта.