Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы болуп, 3 жылдык мөөнөткө дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Эскерте кетсек, Аалиев буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары милдетин аткарчу.
Белгилей кетсек, уставдык капиталы 50 млн доллар болгон Өзбек-Кыргыз фонду президент Садыр Жапаровдун «2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» кол койгон мыйзамына ылайык түзүлгөн.
Фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу менен Кыргызстандын аймагында катталып жана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине каржылоо жүргүзөт.