«Айыл Банк», «РСК», «Керемет» банктары кийинки комитеттин жыйынына чакырылат – дыйкандарда кредит алууда көйгөйлөр жаралууда

«Айыл Банк», «РСК», «Керемет» банктары кийинки комитеттин жыйынына чакырылат – дыйкандарда кредит алууда көйгөйлөр жаралууда

Бүгүн, 28-мартта өткөн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар дыйкандарга насыя берген банктардын ишмердигине нааразы болушту.

Алардын айтымында, аймактарга үрөн барган, бирок жазгы талаа жумуштарын баштоо үчүн насыяларды берүү кечигүүдө. Анткени банктардагы кезек, алардын иштөө тартиби начар болууда.

Комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев банктар дыйкандарга кредит бергенден кийин 6 айдан кийин биринчи төлөмү башталса жакшы болоорун, түшүм ала электе эле банктар сурап баштаарын айтты.

«Аймактар боюнча кредит берүүдө көйгөйлөр бар экен, комитеттин кийинки жыйынына «Айыл Банк», «РСК», «Керемет» банктардын өкүлдөрүн чакыралы, ар бир регион боюнча маалымат сурайлы», – деп кошумчалады Кенжебаев.

Депутаттар ал банктарга кошуп, каражаттарды бөлүштүргөн Улуттук банктын өкүлүн да кошо чакырууну суранышты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери