Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү

Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү

Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.

Тартип электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучуларына карата колдонулат жана эсеп-фактураны электрондук документ, анын ичинде электрондук кол тамганы колдонуу менен кошумча документ түрүндө жүгүртүүдө электрондук өз ара аракеттешүүнүн катышуучуларынын ортосунда документ жүгүртүүнүн жол-жоболорун белгилейт.

  1. КНС төлөөчү жана товарларды импорттоо жана/же экспорттоо менен алектенген салык төлөөчү, ошондой эле катары менен келген акыркы 12 айда же болбосо катары менен келген 12 календардык айга жетпеген мезгилдин ичинде түшкөн акчанын көлөмүнүн суммасы 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчү:
  • белгиленген тартипте электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталат
  • ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча эсеп-фактураларды тариздейт
  • эсеп-фактураны 2022-жылдын 1-апрелинен тартып тариздейт.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү экендигин маалымдайт.

Товарларды экспорттоодо эсеп-фактура КРнын аймагынан товарлар ташып чыгарылганга чейин таризделет.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып КНС төлөөчүлөр, ошондой эле товарларды импорттоочулар жана/же экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө тариздешүүдө.

Толук маалыматты, салык төлөөчүнүн колдонмосун жана «Электрондук эсеп-фактура» системасы менен иштөө боюнча жооптуу кызматкерлердин байланыш номерлерин Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынын «Электрондук эсеп-фактура» бөлүгүнөн алууга болот.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Баткенге ыктыярдуу чогулган акчадан 188 млн сом калды 2 февраля 2023 г.    12:02
Салык кызматы январь айында 17.8 млрд сом салык чогултту 2 февраля 2023 г.    11:45
«Кумтөр» жоюлуп кеткен «Улуу Көчмөндөр Мурасы» холдингин 1.9 млн долларга каржылаган — Эсеп палатасы 2 февраля 2023 г.    10:47
Банктар же акча алмаштыруу жайлары чектөөлөрдү белгилесе, Улуттук банкка кайрылуу зарыл 2 февраля 2023 г.    10:01
Россияга КРнын товарларын сатууга онлайн аянтча түзүлдү – Кыргызстандан жеткирүүчүлөрдү издешүүдө 2 февраля 2023 г.    9:54
Дүйнөлүк банк министрлер кабинетине Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга инвестиция тартуу механизмдерин айтып берди 2 февраля 2023 г.    9:20
Өткөн жылы товарларды маркалоого дээрлик 400 млн код берилди 2 февраля 2023 г.    9:05
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери