Кыргызстанда 24-февралдан бери авиа билеттерге суроо-талап төрт-беш эсе өстү. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Bookit.kg сайтынын башкы директору Евгений Быстров билдирди.
Быстровдун айтымында, негизги суроо-талап Россиядан жана Түркия аркылуу башка өлкөлөргө транзит менен өтүүгө болгон. «Россиядагы окуяларга жана базардагы туруксуз кырдаалга байланыштуу көптөгөн адамдар мекенине кайткысы келүүдө. Анткени 2020-жылдагы пандемиянын башталышы баарынын эсинде, анда адамдар аба каттамдары токтоп калгандан улам үйлөрүнө кайта албай калышкан», – деди ал.
«Бул Bookit.kg сайтындагы биздин аналитикадан байкалды, анда Москва – Бишкек, Санкт-Петербург – Бишкек жана Россиянын башка шаарларынан каттамдар кыйла көбөйгөн. Кадимки күндөрдө Кыргызстандан Россияга билеттерди издеп калышат», – дейт компаниянын жетекчиси.
Ал Кыргызстанга учкан каттамдарга суроо-талап күчөгөндүктөн, баа да жогорулаганын айтып, билеттердин баасы болжол менен 2-3 эсеге кымбаттаганын, мурда билет 10 миң сом болсо, азыр баалар 25-30 миң сомго жеткенин билдирди.
«Албетте, баага доллардын курсунун өсүшү да таасирин тийгизди. Билеттердин баасына россиялык көпчүлүк авиакомпанияларга киргизилген санкциялар да катуу таасир этти», – деди Быстров.
Эске салсак, марттын башында Россиянын бир нече S7 жана «Аэрофлот» сыяктуу авиакомпаниялары киргизилген санкциялардан улам Кыргызстанга каттамдарын токтоткон болчу. Бирок кийинчерээк, 22-марттан тарта аба каттамдар кайрадан жанданган.