Суу чарба кызматынын чыгашалары бул жылы 4.5 млрд сомду түзөт

Суу чарба кызматынын чыгашалары бул жылы 4.5 млрд сомду түзөт

2022-жылы Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын (СЧК) чыгашалары 4 млрд 453 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Финминдин берген маалыматына ылайык, ирригациялык тутумдарды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине жалпысынан 1000 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүү пландаштырылууда, анын ичинен январь айында 162.4 млн сом каржыланган. 

2022-жылдын 23-мартына карата кошумча каржылык планды ачууга 381 млн сом суммасында арыз түшкөн.

СЧК маалыматына ылайык, буга төмөнкү каражаттар жумшалат:

  • бюджеттик каражаттар – 1932.3 млн сом
  • атайын эсептин каражаттары – 100 млн сом
  • мамлекеттик инвестициялык фонддор – 2421.1 млн сом.

Жогоруда айтылган каражаттар төмөнкү иштерге жумшалмакчы:

  • узундугу 428 километрден ашык каналдарды оңдоо-калыбына келтирүү иштери
  • узундугу 117 километрден ашык каналдарды бетондоо
  • узундугу 949 километрден ашык коллектордук-дренаждык тармактарды жууп салуу боюнча иштер
  • насостук станцияларды жана скважиналарды ремонттоо учун зарыл тетиктерди сатып алуу
  • каналдарды механикалык тазалоо.

«Ал эми Баткен облусуна 2022-жылга бөлүнгөн каражат 61 млн сомду түзөт. Мындан тышкары, атайын техникаларды сатып алууга 199.4 млн. сом өлчөмүндө жеңилдетилген бюджеттик ссуда бөлүү иштери жүрүп жатат», – деп айтылат билдирүүдө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлат 25 января 2023 г.    9:29
Италиялык бренддер Кыргызстандын рыногуна чыгууну пландашууда 25 января 2023 г.    9:16
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери