Эми финансылык инструменттер да, акчага жетүү да, баары алда канча кымбат болот. Мындай пикирин «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы Максат Ишенбаев Бишкекте ЖИА уюштурган «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда билдирди.
Ишенбаевдин пикиринде сомдун мындай девальвациясына жол берилбеши керек болчу.
«Улуттук банк рублдин артынан байланып, чуркабай, интервенция жасап, рынокто экенин көрсөтүш керек эле. Бул психологиялык таасир болгонун азыр көрүп жатабыз. Анын үстүнө девальвация учурунда экспортту колдошубуз керек. Ал эми Россия менен бул таптакыр тескерисинче болууда – биз көбүрөөк импорттойбуз жана инфляцияга абдан күчтүү таасир этүүчү мунай, бензин, азык-түлүк импорттоп жатабыз», – деди банктын жетекчиси.
Улуттук банктын эсептик чени көтөрүлгөнүнө банктар дароо реакция кылып, кредиттердин үстөк пайызын көтөрүштү.
«Албетте, финансылык инструменттер да, акчага жетүү да эми баары алда канча кымбат болот. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жана ири валюта интервенцияларынын аркасында, мисалы, айыл чарбадагы дыйкандар төмөнкү пайыздык үстөк менен насыя алганга көнүп калышкан. Мен аны эми убактылуу унутушубуз керек деп ойлойм», – деди ал.
Аталган форумда Ишенбаев кризистен чыгуу жолдорун айтып, бийлик тез аранын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, базарларды ачып, ишкерлердин эркин соода жүгүртүүсүнө жол бериши керектигин билдирди.
Ошондой эле Ишенбаев улуттук холдингдерди түзүүнү өзгөчө колдобой турганын, анткени алар жөнөкөй ишкерлерге эмне үчүн керек экени түшүнүксүз экенин белгиледи.
«Бул биздин акча, биздин салыктар. Ошол эле учурда Улуттук банк долларлык кредиттерди сомго реструктуризациялоону суранып жатат – мунун баары биздин чөнтөгүбүздүн эсебинен болот. Пандемия учурунда да бийлик көп убадаларды кылган. Бизнести колдоо үчүн мамлекеттен акчалай жардам алгандар болдубу?» – деди ал.