Жакында түзүлгөн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директорлук кызматына Ak-Sai Travel компаниясынын жетекчиси келет. Мындай маалыматты бүгүн, 25-мартта Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев «Биринчи Радиого» берген маеги учурунда айтты.
Министр 2022-жылга Антикризистик чаралардын бекитилген пландары тууралуу маалымат берип жатып, жакында эле түзүлгөн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду аймактардагы жумушсуздук маселесин кандайдыр бир деңгээлде чечүүгө жардам берээрин, аталган фонд айыл жерлериндеги тургундарды үйлөрүндө хостелдерди түзүп, чет элдик туристтерди кабыл алууну үйрөтөөрү тууралуу айтты.
«Республиканын бардык аймактарындагы жаратылыштын артыкчылыктары бар. Ошолордун баарын картага түшүрүп, аларды чет элден келген туристтерге сунуштоо боюнча чоң долбоорлор иштелип чыгууда. Аталган фондго 1 млрд сом акча каражаты каралган, жакынкы арада анын директорун дайындайбыз. Ага тажрыйбалуу Ak-Sai Travel деген компаниянын жетекчиси макул болду. Ал ишти баштап берип, нугуна тургузуп, кайра өкмөткө өткөрүп бере турган болуп, бизге чоң жардам берип жатат», – деди Амангелдиев.
Эскерте кетсек, «КРда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК түзүү жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Уставдык капиталы 1 млрд сомдук туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенмекчи.
Ак-Сай Трэвел – кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан толук лицензияланган туристтик компания. Ал Кыргызстандын туристтик рыногунда 1998-жылдан бери иштеп келет жана бир нече жолу өлкөнүн эң мыкты туроператору сыйлыгын жеңип алган.