Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК 34 долбоорду сунуштаганын минкабдын маалымат кызматы кабарлады.
Уюмдун президенти Елена Калашникова Фонддун 2022-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.
«Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы 34 долбоор ишке киргизилет, анын ичинде 10 инфраструктуралык долбоор, 9 маалыматтык долбоор, ошондой эле туризм секторунун тутумун түзүү боюнча долбоорлор, ата мекендик туризм индустриясын жакшыртууга жана тармакка инвестиция тартууга багытталган ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлор бар», – деген Калашникова.
Эскерте кетсек, «КРда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК түзүү жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Уставдык капиталы 1 млрд сомдук туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенмекчи.
Кошумча окуңуз: Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директорлук кызматына Ak-Sai Travel компаниясынын жетекчиси келет