«Салык сервис» мамлекеттик мекемесин түзүүгө 257 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, «Салык сервис» салыктык укук мамилелеринин катышуучуларына салык милдеттенмелерин аткаруу жана эффективдүү башкаруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.
Мекеменин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- салык органдарынын маалыматтык системаларын түзүү, өркүндөтүү, тейлөө жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу
- зарыл болгон учурда салык органдары тарабынан өз функцияларын аткарууга байланыштуу пайдаланылган материалдык-техникалык базаны, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргызстанда товарларды каттоо пункттарында товарларды мамлекеттик контролдоо жана эсепке алуу тутумун камсыз кылуу
- салык органдарынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон тармактарда консультанттар менен камсыздоо.