УКМКнын маалымат кызматы «Манас» эл аралык аэропорту ААКтын «Ош» филиалынын бажы кызматкерлери пара алуу боюнча кармалганын билдиришти.
«Манас» эл аралык аэропорту ААКтын «Ош» филиалынын бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоолор менен опузалап, пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкан кылымыш аныкталды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алуу) боюнча каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн К.С.Ш. кармалып УКМК тергөө камак жайына киргизилди, ал эми А.З.А. үй камагына чыгарылды.
Маалыматка таянсак, азыркы учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.