Кыргызстан инвесторлорду Камбар-Ата жана башка ГЭСтерди курууга катышууга чакырууда

Кыргызстан инвесторлорду Камбар-Ата жана башка ГЭСтерди курууга катышууга чакырууда

Минкабдын төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Биринчи Ташкент эл аралык инвестициялык форумунда кызыкдар тараптарды Кыргызстандагы Камбар-Ата жана башка ГЭСтердин курулушуна катышууга чакырды.

Аалиев энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргызстан өз аймагында ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду акырындык менен ишке ашырууну, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду иштеп чыгууну көздөп жатканын билдирди.

«Буга байланыштуу кыргыз тарап энергетика тармагына түз инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында коңшу өлкөлөр менен кызматташууну мындан ары да арттырууга кызыкдар. Биз инвесторлорду Камбар-Ата ГЭС-1 сыяктуу ири гидроэнергетикалык жана башка келечектүү багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырабыз. Биз инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз», – деди Аалиев.

Кабминдин жетекчисинин орун басары ошондой эле инклюзивдик «жашыл» экономикага байланыштуу демилгелерди колдоонун жана төмөн көмүртектүү өндүрүшкө өтүүнүн, парник газдарынын эмиссиясын азайтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери