Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев «Биринчи Радиого» берген маегинде учурда доллардын курсуна карата кандайдыр бир так божомол берүү кыйын болуп турганын айтты.
Радио угуучулардын бири министрге акча каражатын доллар менен сактаганын, бирок кооптонуп турганын айтып, анын экономист катары долларга карата божомол пикирин сурады.
«Учурда Москванын банктык биржалары да токтоп турат. Долларга карата кандай саясат жүрүшүн, азыркы күндө долларга кандайдыр бир божомол кылуу өтө оор», – деди ал.
Ошондой эле Амангелдиев да президенттин айтканындай акча каражатын алтын менен сактаган жакшы экенин айтты.
«Анткени алтын стабилдүүлүгүн ар дайым көрсөтөт, өсүү темпи жаңылбайт, наркы туруктуу өсүп турат», – деди министр.
Белгилей кетсек, Улуттук банк 1-февралдан тартып, атамекендик өндүрүштүн алтын куймаларын сатыкка чыгарып баштаган. Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки салмакта даярдалган жана куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99.95%ын химиялык таза металл түзөт.
Кошумча окуңуз: Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?