Автоунаа ээлери милдеттүү камсыздандыруу үчүн 1680 сомдон төлөөгө тийиш

Автоунаа ээлери милдеттүү камсыздандыруу үчүн 1680 сомдон төлөөгө тийиш

Автоунаа ээлери үчүн жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК) келишимдери боюнча негизги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү 1680 сом өлчөмүндө белгиленди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ЖЖМК боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрү, жоопкерчилик лимиттери жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери бекитилген.

Жабыркагандарга төлөмдөр:

  • жабырлануучунун өлүмү – 300 миң сом
  • жабырлануучуга I топтогу майыптык белгилөө – 200 миң сом
  • жабырлануучуга II топтогу майыптык белгилөө – 150 миң сом
  • жабырлануучуга III топтогу майыптык белгилөө – 100 миң сом
  • жаш балага майыптык – 200 миң сом
  • ден соолугуна майыптыгын белгилебестен келтирилген зыян – амбулатордук жана (же) стационардык дарылоого иш жүзүндөгү чыгымдардын өлчөмүндө, бирок 100 миң сомдон ашык эмес
  • жабырлануучулардын мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн – келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок ар бир жабырлануучуга 150 миң сомдон ашык эмес жана бардык жабырлануучуларга 450 миң сомдон ашык эмес.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат 30 января 2023 г.    18:24
Паспорт, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик форматта колдонсоңуз болот 30 января 2023 г.    17:44
Суу — бул маанилүү ресурс, аны экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл — Акылбек Жапаров 30 января 2023 г.    16:46
Кыргызстандын дыйкандарын Global G.A.P сертификатын кантип алууну үйрөтүшөт 30 января 2023 г.    16:11
Ысык-Көлдө Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө кыйып жатышат 30 января 2023 г.    15:28
Бензин кымбаттайт, Россия бажы алымысыз берчү көлөмдү азайтты — Нетфтетрейдерлер 30 января 2023 г.    14:57
Кыргызстандыктардын көбү «Синофарм» вакцинасын алышкан 30 января 2023 г.    13:30
1-апрелге чейин – юридикалык жактар, 1-майга чейин – жеке жактар Салык органдарына отчет бериши керек 30 января 2023 г.    12:07
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери