Россияда 10 миң доллардан жогорку суммада накталай валюталарды алып чыгууга тыюу салынды

Россияда 10 миң доллардан жогорку суммада накталай валюталарды алып чыгууга тыюу салынды

Россиянын президенти кабыл алган экономикалык чечимдерге ылайык, эквиваленттеги 10 миң АКШ долларынан жогору суммада накталай чет элдик валюталарды жана (же) чет элдик валютадагы инструменттерди РФтен алып чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган тыюу салуулар РФтен накталай чет элдик валюталарды алып чыгууга (анын ичинде мурда алып келинген), анын ичинде ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге жайылтылат жана юридикалык жана жеке жактарга карата алардын статусуна карабастан колдонулат (резиленттер жана резидент эместер).

Белгиленген тыюу салууларды аткарууну камсыз кылуу максатында, Россия ФБКсы жана Россия ФКК Чек ара кызматы менен биргеликте ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймактарына чектеш Россиянын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында контролдоо уюштурулган.

«10 миң АКШ долларынан ашкан суммадагы накталай чет өлкө валютасын жана (же) чет өлкө валютасындагы инструменттерди аныктоо чек ара көзөмөлүнүн жерлеринде бул каражаттардын суммасына жеке жактарга байкоо жүргүзүү жана суракка алуу жолу менен жүргүзүлөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Алып чыгууга тыюу салынган акча каражаттары жана акча инструменттери табылган учурда алар алынбайт жана жоопкерчилик чаралары колдонулбайт. Ошол эле учурда, Россия Федерациясында валютаны калтыруунун жеткиликтүү ыкмалары жеке жактарга өздөрүнүн тандоосу жана каалоосу боюнча чараларды көрүүсү үчүн түшүндүрүлөт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери