МСК УКМК менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу районунда рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүлүп жаткан спирт камтылган продукцияны аныкташты. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
Тактап айтканда, унаа кармалып, анын ичинде продукцияга уруксат берүүчү коштомо документтери жок спирттин спецификалык жыты бар 2 желим идиш табылган.
Спирттин спецификалык жыты бар 1 миң 500 литр суюктук тартып алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, тартып алынган продукция жергиликтүү этил спиртин өндүрүүчүлөрдүн бири тарабынан жеке адамдарга берилген, алар өз кезегинде аракты кустардык ыкма менен өндүрүү үчүн колдонушкан.
Ишкердик субъектиге карата КРнын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
«Белгилей кетсек, алкоголдук продукцияны кустардык ыкма менен даярдоо мамлекетке өлкөнүн бюджетине салыктардын тиешелүү суммасын төлөбөө түрүндө зыян келтирет, ошондой эле контрафакттык алкоголдук продукцияны колдонгон жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратат», – деп айтылат билдирүүдө.