Нефтетрейдерлерге КММ сатып алууга бюджеттен 2 млрд сом бөлүнөт – кредитти «Партнернефть» менен «Ред петролеум» алат

Нефтетрейдерлерге КММ сатып алууга бюджеттен 2 млрд сом бөлүнөт – кредитти «Партнернефть» менен «Ред петролеум» алат

Бүгүнкү күндө рынокто республиканы күйүүчү-майлоочу майлар (КММ) менен камсыздай албай калуу коркунучу бар. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев өкмөттүн кризиске каршы чараларга арналган жыйынында билдирди.

Анын айтымында, көйгөйдү чечүү үчүн бюджеттен 2 млрд сом насыя катары бөлүү пландалууда. Бул акча нефтетрейдерлерге күйүүчү май сатып алуу үчүн берилет.

«Энергетикалык коопсуздук боюнча иштер уланууда. Бул максатка ылайык 3 млрд сомго жакын бюджеттик кредит бөлүнгөн. Элди социалдык жактан коргоо үчүн азыр эмгек акыны көтөрүү боюнча эсептөөлөр жүрүп жатат», – дейт Алмаз Бакетаев.

Кредиттерди «Партнернефть» жана «Ред петролеум» компаниялары алат. Эскерте кетсек, КРда үстөмдүк позицияны ээлеген күйүүчү май ташыган 3 субъект бар, алар – «Газпром», «Ростнефть» жана «Ред Петролеум».

Белгилей кетсек, Кыргызстан жылына 1.4 млн тоннадай күйүүчү май керектейт. КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов 14-мартта Кыргызстанда орто эсеп менен 2 жумага эле жеткидей бензиндин запасы бар экендиги тууралуу айткан эле. Ошондой эле ал ички рынокто баалар түшүп жаткандыгына карабастан, майда партия менен келген бензиндин баасы жогору болуп, экспортто баасы төмөндөбөй жатканын кошумчалаган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери