Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев мамлекеттик материалдык резервдер Фондунун запасын толтурууга канча көлөмдөгү азык-түлүк алынаары тууралуу журналисттерге маалымат берди.
Анын айтымында, өлкө жетекчилиги тарабынан 5 миң тонна өсүмдүк майы жана 12.5 миң тонна кумшекер сатып алуу милдети коюлган. Мындан тышкары, 5 миң литр дизелдик майынын литрин 59 сомдон сатып алуу пландалууда.
Белгилей кетсек, «14-марттан тарта Россия өкмөтүнүн данды экспорттоого убактылуу тыюу салуу боюнча токтому күчүнө кирген болчу.
«Бирок бул тыюу салуу киргизилгенге чейин түзүлгөн келишимдерге таасирин тийгизбейт. Азыр бизде 14.5 миң тонна буудай данын алууга келишимибиз бар. Бүгүнкү күндө республикада ӨКМ тарабынан күчөтүлгөн коопсуздук режими киргизилген. Иш процессинде эч кандай тоскоолдуктар жок», – дейт Ажыкеев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-7 айга жетчүдөй дандын запасы бар.