Өткөн жылы 17-августта Тажикстандан КРга «Ф.С.Э.» ЖЧКнын дарегине «МИ-8», «МТВ-1» вертолеттору учуп келген. Бирок келген учурдан тарта, аталган вертолетторго карата кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.
ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды ташып кирүүдө бажы жол-жоболоштуруу менен байланышкан операцияларды жүргүзүү керек.
Вертолетто келген товардын наркы 640 миң долларды түзгөн. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы – 3.5 млн сом болгон.
Бул факт КБР АМС МКЖда катталып, материалдар караштуулугу боюнча КРнын Башкы прокуратурасына тапшырылган.
Бул мыйзам бузуу ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, «Манас» бажысынын Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган.