КРнын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамын бузгандыгы үчүн «Golden Stroy» курулуш компаниясына айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдиргенине караганда, КРнын «Жарнама жөнүндөгү» Мыйзамын Golden Stroy ЖЧКсы батирлердин баасын онлайн калькуляторун АКШ долларында жайгаштыруу боюнча бузган жана бул факт аталган мыйзамдын 5-беренесинин 11-бөлүгүнө каршы келет.
Жыйынтыгында, талаптагыдай эмес жарнамасы үчүн Golden Stroy курулуш компаниясына карата КРнын укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 404-беренесине ылайык, жаза-чарасын салуу жөнүндө токтом чыгарылган.