Агроөнөр жайды колдоого 10 млрд сом берилет – насыяны кимдер ала алышат?

Агроөнөр жайды колдоого  10 млрд сом берилет – насыяны кимдер ала алышат?

Министрлер Кабинетинин бекиткен «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбооруна ылайык, Агроөнөр жайды насыялоого комбанктарга 10 млрд сом берилет. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине «Айыл Банк» ААКга – 5.5 млрд сом жана «РСК Банк» ААКга  4.5 млрд сом бөлүп берүү тапшырылды.

Бекитилген чечимге ылайык, кредит фермердик чарбаларга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга берилет:

  • 300 миң сомго чейин, 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен күрөөсүз негизде
  • 500 миң сомго чейин, 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү, күрөө менен камсыздоо менен.

Жылдык жүгүртүүсү 1 млн сомдон ашык болгон фермердик чарбаларга катышуучу-банктардын ички ченемдик укуктук актыларына ылайык күрөө менен 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен 5 млн сомго чейин кредит берилет.

Кредиттин ставкасы жылына 6%ды түзөт.

Кластердин агрегаторлору (тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы жана СЛБ ишканалары), үрөн өстүрүү, асыл тукум чарбалары жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктери, ошондой эле тамак-аш өнөр жайынын жаңы түзүлгөн ишканалары үчүн – 150 млн сомго чейин бардык кластерлер үчүн 60 айга чейин кайтаруу  мөөнөтү менен негизги каражаттарды сатып алууга жана күрөө менен камсыздалган жүгүртүү каражаттарына берилет. 

Лизингде кредиттөөнүн мөөнөтү 60 айга чейин, айыл чарба техникасынын лизингине 10%дан кем эмес жана айыл чарба жабдуусунун лизингине 30%дан кем эмес баштапкы төгүм төлөө шарты менен берилет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Тоскоолдуктарга карабастан быйыл республикалык бюджет 503 млрд сомго толот — минкаб 2 февраля 2023 г.    13:43
Баткенге ыктыярдуу чогулган акчадан 188 млн сом калды 2 февраля 2023 г.    12:02
Салык кызматы январь айында 17.8 млрд сом салык чогултту 2 февраля 2023 г.    11:45
«Кумтөр» жоюлуп кеткен «Улуу Көчмөндөр Мурасы» холдингин 1.9 млн долларга каржылаган — Эсеп палатасы 2 февраля 2023 г.    10:47
Банктар же акча алмаштыруу жайлары чектөөлөрдү белгилесе, Улуттук банкка кайрылуу зарыл 2 февраля 2023 г.    10:01
Россияга КРнын товарларын сатууга онлайн аянтча түзүлдү – Кыргызстандан жеткирүүчүлөрдү издешүүдө 2 февраля 2023 г.    9:54
Дүйнөлүк банк министрлер кабинетине Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга инвестиция тартуу механизмдерин айтып берди 2 февраля 2023 г.    9:20
Өткөн жылы товарларды маркалоого дээрлик 400 млн код берилди 2 февраля 2023 г.    9:05
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери